6-чакырылыш

Алля Анаров айылдык Кенешинин

6-чакырылышынын кезексиз  15-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

      Араван а.                                                    №3

 Кыргыз Республикасы                                                   19.12. 2018-жыл.

 

 

Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн  борборунун перспективалуу башкы планын бекитүү жѳнүндѳгү  2010-жылдын 15-март айындагы  №12-1 токтому  Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон ѳтпѳгѳндүгүнѳ байланыштуу, айыл ѳкмѳтүнүн  борборунун перспективалуу башкы планын бекитүү жѳнүндѳ

Алля Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап тѳмѳндѳгүдѳй

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн  борборунун перспективалуу башкы планын негизинен бекитилсин, биринчи кезекте убактылуу берилген дүкѳндѳр жана уруксатсыз курулган обьекттер каралсын.
  2. Перспективалуу иш – пландын негизинде Алля Анаров айыл ѳкмѳтүнүн  борборунун тартипке келтирүү боюнча райондук архитектуура жана курулуш башкармасы менен биргеликте айыл ѳкмѳтүнүн айыл башчылары, жер адис С.Жусупов тийиштүү иш чараларды тапшырышсын.
  3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин тѳрагасы:                                                      Р. Худайбердиев.

6-чакырылыш / 4-5 сессия

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 4- сессиясынын

ТОКТОМУ

с. Араван                                                 1                        15.04.2017-жыл.

                                                                                           Кыргыз  Республикасы.

«Чил-Устун» жана «Дул-дул-ат» СООВПларынын калкты

таза-суу менен камсыз кылуу боюнча алып барган иштери жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.«Чил-Устун» жана «Дул-дул-ат» СООВПларынын калкты таза-суу менен камсыз кылуу боюнча алып барган иштерин кемчилдиктерин жоюсун эсепке алып, канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана «Чил-Устун» жана «Дул-дул-ат» СООВПларынын башчыларына жүктөлсүн.

               Читать далее »

6-чакырылыш / 1 сессия

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 2                         09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү №99 мыйзамынын негизинде, айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо төмөнкүдөй эсептөө комиссиясы бекитилсин.

 

1.Эргешова.С.

2.Абдыкалыков.Н.

3.Моминов.М.

Читать далее »

26 сессия

 А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №  3                            22.02.2016-жыл.

А.Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин колундагы мал койлорду жана үй-канаттууларын ар түрдүү оорулардын эмдөө акысын вет адистерге тастыктап берүү жөнүндө.

А.Анаров айылдык Кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.А.Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин колундагы мал койлорду жана үй-канаттууларын ар түрдүү оорулардын эмдөө акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

1.Бир баш ИИМга   25  сом.

2.Бир баш МММга   15 сом.

3. Бир баш жылкыга  30 сом.

4.Бир баш итке    30 сом.

 

2.Азыркы учурда карышкыр, чөө-бөрү жана дейди иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу аларды атып жок кылуу үчүн мерген акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

1.Бир баш карышкырга         5000 миӊ сом.

2.Бир баш чөө бөрүгө            1000 миӊ сом.

3. Бир баш итке                      200 сом унаа  акысы жана ташып кетүү акысы ичинде.

 

                      А.Анаров айылдык

                   Кеӊешинин төрагасы:                                         Э.Абдуллаев

******************************************************************************************************************************

 

 А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №   4                             22.02.2016-жыл.

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылына демөөрчүлөр тарабынан курулуп жаткан ФАПка жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  Читать далее »

17 сессия

А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин

V- чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясынын

Т О К Т О М У

Араван айылы                                        № 1                           14.10.2014-жыл.

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин жана

балдар бакчаларын кышкы даярдык көрүү  максатында

 

А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй Читать далее »