26 сессия

 А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №  3                            22.02.2016-жыл.

А.Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин колундагы мал койлорду жана үй-канаттууларын ар түрдүү оорулардын эмдөө акысын вет адистерге тастыктап берүү жөнүндө.

А.Анаров айылдык Кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.А.Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин колундагы мал койлорду жана үй-канаттууларын ар түрдүү оорулардын эмдөө акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

1.Бир баш ИИМга   25  сом.

2.Бир баш МММга   15 сом.

3. Бир баш жылкыга  30 сом.

4.Бир баш итке    30 сом.

 

2.Азыркы учурда карышкыр, чөө-бөрү жана дейди иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу аларды атып жок кылуу үчүн мерген акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

1.Бир баш карышкырга         5000 миӊ сом.

2.Бир баш чөө бөрүгө            1000 миӊ сом.

3. Бир баш итке                      200 сом унаа  акысы жана ташып кетүү акысы ичинде.

 

                      А.Анаров айылдык

                   Кеӊешинин төрагасы:                                         Э.Абдуллаев

******************************************************************************************************************************

 

 А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №   4                             22.02.2016-жыл.

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылына демөөрчүлөр тарабынан курулуп жаткан ФАПка жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу  Аччы айылындагы башталгыч мектептин имаратынын аянтындагы  39,05га жер тилкесинин ичинен   0,05 га  жер тилкеси, Аччы айылына ФАП куруу үчүн жер  ажыратылсын.

2. Айыл өкмөтү тийиштүү болгон документтерди тактасын жана даярдасын.

3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.

 

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

 

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын   26– сессиясынын

Т О К Т О М У

с  Араван                                                   №  5                          22.02.2016-жыл.

 

Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М.Абаевдин сураныч катын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М.Абаевдин сураныч каты канааттандырылсын.

2.    Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 90-жылдыгына байланыштуу, материалдык техникалык жабдууларын жаӊылоого жана оӊдоого А.Анаров айыл өкмөтү тарабынан 20 миӊ сом акча каражаты берилүүсү, айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

3.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнын башчысына милдеттендирилсин.

 

                                    А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

         ******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   № 6                             22.02.2016-жыл.

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мал жандыктарынын  санагын  сапаттуу тактоо жүргүзүү жөнүндө

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мал жандыктарын санагы  сапаттуу жүргүзүлсүн.
  2. Мал жандыктарын сапаттуу жүргүзүүдө айыл өкмөтүнө жардам берген төмөнкү айыл өкмөтүнүн тургундарына 2000 миӊ сомдон акча каражаты, айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

Аччы айылы боюнча:

Р.Артыков

А.Тажибаев.

Жаны-Араван айылы боюнча:

Джураев Ислам.

Сасык-Ункур айылы боюнча:

Карабаева Ширин.

Мойдинова.Мукаддам.

Араван айылы боюнча:

А.Рустамов.

Казакова Карамат.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ш.Токтосуновго жана Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго милдеттендирилсин.

 

                 А.Анаров айылдык

                 Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

 

 

******************************************************************************************************************************

 

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №7                                22.02.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүндө,  беш жылда бир болуп өтүүчү жалпы элдин  санын каттоо жүргүзүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуу

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүндө,  беш жылда бир болуп өтүүчү жалпы элдин  санын каттоо жүргүзүү жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсү канааттандырылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн элинин санын каттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 60 миӊ сом акча каражаты ажыратылуусу айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жана айылдык кеӊештин бюджеттин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №  8                           22.02.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн  жетектөөчү адиси Токтосунов Шавкаттын арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн  жетектөөчү адиси Токтосунов Шавкаттын  айыл өкмөтүндө көп жылдык эмгеги үчүн, Токтосунов Шавкаттын арызы канаттандырылсын.

2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн  жетектөөчү адиси Токтосунов Шавкатка 20 миӊ сом материалдык жардам берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчына сунушталсын

3.Бул токтомдун аткарылышы  айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жүктөлсүн.

 

 

                                    А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

 

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26– сессиясынын

Т О К Т О М У

с  Араван                                                   №9                                22.02.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу «Чарбак» санатория-профилакториясынын директору Караева М.Энин арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу «Чарбак» санатория-профилакториясы жана балдардын ден соолугун чыӊдоо борбору,  Араван райсоветинин исполкомунун 1977-жылдын 18-мартындагы №86 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун №34 токтомунун негизинде, Чарбак санаториясына таандык болгон 7,23 га жана балдардын ден соолугун чыӊдоо борборуна таандык болгон 10,21 га жер тилкеси мамлекеттик акт  алынуусу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына А.Октамовго жүктөлсүн.

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

 

         ******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  26– сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                         №10                                22.02.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургуну Кенжаев Кочкорбайдын арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургуну Кенжаев Кочкорбайдын айылдык кеӊешине тапшырылган документтери жергиликтүү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан такталып чыгылсын.

2.Кенжаев Кочкорбайдын жана Мойдинов Анарбайдын ортосундагы жол сервитут болуп калсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына А.Октамовго жана Маданият айылынын айыл башчысы Э.Мойдиновго   жүктөлсүн.

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

         ******************************************************************************************************************************

 

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  кезексиз 27 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №  4                              27.02.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Добо айылынын М.Мадрахим көчөсүнүн тургуну  Мамадимаров Илхамдын арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Добо айылынын М.Мадрахим көчөсүнүн тургуну  Мамадимаров Илхамдын там –жайы  бүт өрттөнүп кеткендигине байланыштуу, айыл өкмөтү тарабынан 30  миӊ сом акча каражаты материалдык жардам берилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин бюджеттик комиссиясына жана Пахта-Добо айылынын айыл башчысына,  айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнын башчысына жүктөлүсүн.

 

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  кезексиз 27 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   № 5                            27.02.2016-жыл.

 

«Алкан-Тоо» ЖЧКсынын директорунун Арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу, Маданият айылынын Сасык-Ункур участкасында жайгашкан жайыт комитетине караштуу болгон 3 га жер тилкеси такталсын.

2. А.Анаров айыл өкмөтү жана жайыт комитети  ЖКЧсы «Алкан-Тоо» сурап жаткан жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык трансформация кылынуусу суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

 

                                        А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

 

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын  кезексиз 27 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   № 6                               27.02.2016-жыл.

 

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылынын тургундарынын  арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Аччы айылынын тургундарынын арызы канаттандырылсын.

2. Арызда суралган эски кырмандын ордундагы чыгынды таштоо үчүн ажыратылган жер тилкеси, ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен куудуруу кеӊсесин куруу үчүн  которулсун, ошондой эле ушул жер тилкеси айыл өкмөтү тарабынан такталып,  жер тилкеси  көрсөтүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана айыл өкмөтүнүн вет адиси Ш.Токтосуновго жүктөлсүн.

 

                                        А.Анаров айылдык

                                       Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын кезексиз   28 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №1                             02.04.2016-жыл.

 

Алля Анаров айылдык кеӊешинин 2016-жылга иш планын  бекитүү жөнүндө

 

А.Анаров айылдык Кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айылдык кеӊешинин 2016-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

                                    А.Анаров айылдык

                                  Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын кезексиз   28 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   №  2                           02.04.2016-жыл.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жарандарынын арыздарын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык Кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алля Анаров айыл аймагындагы Ош -3000 көчөсүндөгү  жолдун оӊ жана сол жагындагы мазар ижарага берилбесин жана эч кандай бак  дарактар отургузулбасын жана эгилбесин, келечекте мазар боюнча калсын.
  2. Ош 3000 көчөсүндөгү Мухтаров Тоиржондын үйүнүн тамаркасы айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан үйрөнүп чыгып, үйүнүн там аркасы канча сотих экени такталсын, мазардын ичинен өз башымча ээлеп алган жери айыл өкмөтүн мазарынын балансына кайтарып алынсын.
  3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.

 

 

                                    А.Анаров айылдык

                                  Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын кезексиз   28 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   № 3                            02.04.2016-жыл.

 

Араван райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 16-мартындагы кирүү № 11-261-16 каршылык билдирүүсүн аткарууга алуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Араван райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 16-мартындагы кирүү № 11-261-16 каршылык билдирүүсү аткарууга алынсын, каршылык билдирүүдөгү А.Анаров айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 24-июлундагы №2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнын башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

                                    А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

А.Анаров айылдык округдук Кенешинин

5- чакырылышынын кезексиз   28 – сессиясынын

Т О К Т О М У

               с  Араван                                                   № 4                            02.04.2016-жыл.

 

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Жаӊы-Араван айылынын тургуну Нарбаев Маматжандын арызын карап чыгуу жөнүндө

 

А.Анаров айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Жаӊы-Араван айылынын тургуну Нарбаев Маматжандын арызы канааттандырылсын.

2.Нарбаев Маматжанга айыл өкмөтүнөн 20 миӊ сом акча каражаты материалдык жардам катары берилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

3.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнын башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

                                    А.Анаров айылдык

                                   Кеӊешинин төрагасы:                            Э.Абдуллаев.

******************************************************************************************************************************

 

Комментирование на данный момент запрещено, но Вы можете оставить ссылку на Ваш сайт.

Комментарии закрыты.