6-чакырылыш / 1 сессия

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 2                         09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү №99 мыйзамынын негизинде, айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо төмөнкүдөй эсептөө комиссиясы бекитилсин.

1.Эргешова.С.

2.Абдыкалыков.Н.

3.Моминов.М.

Алля Анаров айылдык округдук

Кеңешинин улуу депутаты:                           Абдураимов.А.

************************************************************************************************************************

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 3                         09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин секретариатын шайлоо  жөнүндө

 А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Депутаттардын А.Анаров айылдык округдун Кеңешинин 1-сессиясынын секретариатын курамына айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы шайлансын.

1.Абдуллаева Айнура.

Алля Анаров айылдык округдук

Кеңешинин улуу депутаты:                           Абдураимов.А.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 5                        09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин төрагасын  шайлоо  жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-февралындагы Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 31 статьясынын негизинде

А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин депутаты Худайбердиев Розали Ниязович эсептөө комиссиясынын чечими боюнча А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

Алля Анаров айылдык округдук

Кеңешинин улуу депутаты:                           Абдураимов.А.

************************************************************************************************************************

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 6                       09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

 А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин төрагасын  шайлоо  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-февралындагы Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 31 статьясынын негизинде

А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин депутаты Абдирайимов Асрорбек Касимжанович   А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин төрагасынын орун басары  болуп шайлансын.

2.Айылдык округдук Кеңешинин төрагасынын орун басары  өзүнүн кызматтык милдетин коомдук башталышта аткарат.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

1-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 7                         09.01.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

 А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө

 А.Анаров айылдык округдук Кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде А.Анаров айылдык округдук Кеңешинин төмөндөгүдөй  туруктуу комиссияларын түзүлсүн:

  1. Эканомика, бюджет, финансы маселелери боюнча.
  2. Социалдык маселелер боюнча.
  3. Агрардык маселелер боюнча.
  4. Жаштар жана спорт туризм миграция боюнча.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:                             Р.Худайбердиев

************************************************************************************************************************

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

3-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 2                         11.02.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

Алля Анаров айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1-2-3 группаларын киргизүү жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алля Анаров айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1-2-3 группалары  киргизилсин.

2.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы  эмес  жерлерден аймактык салык коэффиценти 1.2 болуп бекитилсин.

3.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы чыгындыларды ташуу үчүн салык: тургундарга 50 (элүү) сомдон ал эми ишкана мекемелерге 100 (жүз) сомдон болуп белгиленсин.

4.Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү жер салыгынын жана мүлк салыгынын эсептөө жана өкмөттүн бюджетине түшүрүү айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.

5.Жер салыгы боюнча базалык ставкалар төмөндөгүчө белгиленсин

Суугат айдоо үчүн  Пахта-Добо айылы үчүн   537 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом

Суугат айдоо үчүн  Маданият  айылы үчүн   595 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом

Суугат айдоо үчүн    Аччы  айылы үчүн   537 сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 289 сом

Суугат айдоо үчүн  Жаңы-Араван айылы үчүн   485  сом, Кайрак айдоо үчүн 39 сом, Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 485  сом

Жайыт жерлерге бардык айылдарга 12,7 сомдон.

6.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жана  айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдетттендирилсин.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

 ТОКТОМУ

с.Араван                                                 3                          11.02.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу А.Юлдашев  көчөсүндөгү Комхоздун гаражын Араван РИИБны жазанага кириптер болгон авто унааларды токтотуу үчүн ижарага берүү жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу А.Юлдашев  көчөсүндөгү Комхоздун гаражын Араван РИИБны жазанага кириптер болгон авто унааларды токтотуу үчүн ижарага берилсин.

2.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу А.Юлдашев  көчөсүндөгү Комхоздун гаражын Араван РИИБны жазанага кириптер болгон авто унааларды токтотуу үчүн ижарага берилген жер тилкеси үчүн айыл өкмөтү жана Араван РИИБ келишим түзсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:                             Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

 ТОКТОМУ

с.Араван                                                 4                           11.02.2017-жыл.

 Кыргыз Республикасы.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ-53 маркасындагы  авто унаасын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ-53 маркасындагы  авто унаасын капиталдык ремонттон өткөрүлсүн.

2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ-53 маркасындагы  авто унаасын капиталдык ремонту үчүн 100 миң сом акча каражаты ажыратылсын.

3.Токтомдун  аткарылышы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жана айылдык кеңештин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

 ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 511.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Алля Анаров айылдык кеңешине материалдык жардам сурап арыз жазган, айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздарын карап чыгуу жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алля Анаров айылдык кеңешине материалдык жардам сурап арыз жазган  айыл өкмөтүнүн тургундарынын арыздары канаттандырылсын.

2.Айыл өкмөтүнүн тургундарына материалдык жардам турмуш шартына карап 1000 сомдон 3000 миң сомго чейин деп белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис М.Токтосуновго, Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 611.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Араван районунун фудбол командасына айыл өкмөтүнөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Араван районунун фудбол командасына айыл өкмөтүнөн 150 миң сом  акча каражатын ажыратып берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

 ТОКТОМУ

с.Араван                                                 №  7     11.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айылдык Кеңеши ЖПБнын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө

1.А.Анаров айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүү милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса  же аларды  иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктер жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.

4.Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыт башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана жергиликтүү расмий Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.

5.Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууга ар тараптуу жардамдар  такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган  бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Алля Анаров айыл аймагынын башчысы Ж.П.Нурбаевге жүктөлөт.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:                         Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 №  8     11.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Алля Анаров айыл аймагындагы элдердин карамагындагы тубар уйлардын жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-январь 2016-жылдагы, Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүчүүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу максатындагы №28-б буйругун жетекчиликке алып айылдык кеңештин регламентине ылайык

 А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Алля Анаров айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигиндеги Пилоттук айыл чарба тизмесине кирип, калкты социалдык жактан колдоо максатында тубар уйларды асыл тукумуруктар менен камсыз кылууга кеткен 22200 сом акчаны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Селекциялык Асыл Тукум мекемесине айыл өкмөтүнүн бюджетинен которулуп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигинин Мамлекеттик Селекциялык борборунун 2016-жылдын 29-январь айындагы №2 буйругунун негизинде пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жүргүзүү үчүн бериле турган уруктук материалдардын наркы 1 дозасы 100 сомдон суюк азоттун 1 литри 70 сомдон белгиленип Асыл тукум селекциялык борборуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл ичинде которулуп турулсун.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 №  9    11.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн  аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын  жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Малдарды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамынын жана Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 16-февраль айындагы №26-б буйругунда  көрсөтүлгөн идентификация жүргүзүүнү сапаттуу жолго коюу,  кутурма жана эхинококкоз оорусуна каршы күрөшүүдө ветеринарлардын  жана мергендердин кызмат акыларын ошондой эле кулак-бирка нарктарын өз алдынча карап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара малды идентификациялоо учурунда малдын ээси тарабынан ветеринардык адистке кызмат акына ар бир башка 30 сомдон, ошондой  эле ар бир малга тагыла турган кулак биркасы 37 сом 76 тыйын квитанциясы негизинде атайын эсептик счетко которулуп берилсин.

2.Элдин арасында кутурма оорусуна каршы профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө дейди иттерди жана жырткычтарды жок кылуу үчүн атайын мерген

аркылуу келишим негизинде ар бир атылган карышкырга 5000 сом, чөө-бөөрү үчүн 2000 сом жана иттерге 250 сомдон айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

 3- сессиясынын

 ТОКТОМУ

с.Араван                                                 №  12       11.02.2017-жыл.

Кыргыз  Республикасы.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык жерлерди жеке менчикке сатуу жана ижара шартында берүү бөюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык жерлерди жеке менчикке сатуу жана ижара шартында берүү  үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия мүчөлөрү бекитилсин.

  1. Октамов Акрамжон  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  комиссиянын төрагасы.
  2. Жусупов Саматбек  айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси комиссиянын катчысы.
  3. Худайбердиев  Розали айылдык кеңештин төрагасы комиссия мүчөсү.
  4. Хамраев Тоиржон айылдык кеңештин депутаты  комиссия мүчөсү.
  5. Бакиров Атабек  айылдык кеңештин депутаты  комиссия мүчөсү.
  6. Молдобаев Асан айылдык кеңештин депутаты  комиссия мүчөсү.
  7. Абдыкалыков Нурлан  айылдык кеңештин депутаты  комиссия мүчөсү.
  8. Авазханов Паязиддин айылдык кеңештин депутаты  комиссия мүчөсү.
  9. ___________________    айылдын  айыл башчысы
  1. Азимов Сабыржан  Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармасынан адис.
  2.  Кочкоров Асан Араван райондук архитектуура жана шаар куруу башкармасынан адис.

2. Түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн  алдындагымуниципалдыкжерлердижекеменчиккесатуужанаижарашартындаберүү  боюнча Кыргыз Республикасынын жер Кодексинде көрсөтүлгөн мыйзамдарды так сакташсын.

3.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

************************************************************************************************************************

 Алля Анаровайылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги

3-сессиясынын

ТОКТОМУ

с.Араван                                                 № 13                       11.02.2017-жыл.

Кыргыз Республикасы.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Ачы, Жаңы-Араван,  Сасык-/нкүр жана Араван айылдарынын көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө

А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы  төмөнкү көчөлөрдүн аттары өзгөртүүсүз калтырылсын:

Ачы айылы боюнча:   Ачы айылы, Кайырма көчөсү, Нурмахаммад Юсупов көчөлөрү.

Жаңы-Араван айылы боюнча:  Пахта-Абад айылы.

Сасык-/нкүр айылы боюнча:  Малик Холматов көчөсү, Мулло Омон  көчөсү, Тажихан Эрматов көчөсү, Кыргызбой Казаков көчөсү, Абдувахоб Якубов көчөсү, Беш-карам-1 көчөсү.

Араван айылы боюнча: Мулла Мадрахим көчөсү, Махмуджон Каримов көчөсү, Ош-3000 көчөсү, Жаштар-1 көчөсү, Жаштар-2 көчөсү, Тохтасин Хайдаров көчөсү, Холмирза –кори көчөсү, Абдуллажон Юлдашев көчөсү, Абдыкадыр Касымов көчөсү, Айтажихон Тошматова көчөсү, Беш-карам-2 көчөсү, Мамазокир Мусажанов көчөсү, Абдуллажон Хашимов көчөсү, Хайдарамин Иминжанов көчөсү, Пахтакор көчөсү, Сулайман Мавлянов көчөсү, Курванбай-ата көчөсү, Чарбак көчөсү, Кара-Жантаг көчөсү.

  1. Жогоруда аталган көчөлөрдүн аттары мурда аталгандыгына байланыштуу,  кээ бир көчөлөрдүн аталыштарынын  токтомдору архивде жок болуп чыккандыгына байланыштуу бул көчөлөрдүн аттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
  2. Көчөлөргө көчөлөрдүн аттарын жаздыруу, үйлөргө сандарды койдуруу, көчөлөрдүн санитардык эрежелерге ылайык талаптагыдай абалда болуусун камсыз кылуу милдети Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Нурбаевге жүктөлсүн.

Алля Анаров айылдык

Кеңешинин төрагасы:  Р.Худайбердиев.

Комментирование на данный момент запрещено, но Вы можете оставить ссылку на Ваш сайт.

Комментарии закрыты.